Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн талашка түшкөн жер Өзбекстанга таандык экенин билдиришти

Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы сай. Сүрөт: «Азаттык»

Социалдык тармактарда 25-майда өзбек чек арачылары курал менен келип, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 150 гектар жерди тосуп алышканы айтылган тасма тараган. Видеону тартып жаткан киши аталган жерлерди союз убагынан бери кыргыз тарап колдонуп келгенин айткан.

«Бул Кара-Дарыя айылынын Ак-Мечит участогу. Кыргызстандын жерин тартып алып койду, мамлекет эч кандай жардам кылган жок. Өзбек тарап эч кандай эскертүүсүз келип, трактор менен казык кагып жатат. Эгер чек ара ушундай тосулса, бизге эч кандай үлүш жер калбайт», — деген тасманын автору.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов «Клоопко» Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы Тешик-Таш аймагынан бир да чарчы метр Өзбекстан тарапка берилген эмес деп билдирди. Анын айтымында, Тешик-Таштагы дарыянын нугундагы жер 2017-жылы эле такталып, делимитация иштери аяктап, демаркация иштери бүтө элек.

«Кечээ жерине барып эл менен чогулуш өткөрдүм. Баары эле туура түшүнүшүп, эч кандай талаш маселе жок экенине ынанышты. Жерине барып чек араны белгилеп, казык кагып "бул жагы Кыргызстан, бул жагы Өзбекстан” деп келдик», — деди Акматов.

Бирок Кара-Дарыя айылынын тургуну Муктар Жусупов «Азаттыкка» курган маегинде сай жээгиндеги жерди 1994-жылы жергиликтүү бийлик бергенин айткан. Ал жер кандай негизде өзбек тарапка өтүп кеткени түшүнүксүз болуп жатканын белгилеген.

«Ошол кезде 1968-жылдагы карта менен такталып, Кыргызстандын жери экендиги айтылган. Ошол жылдардан тартып мен күрүч эгип, айыл өкмөткө ижара акысын төлөп келем […] Буга чейин иштетип келген жерибиз чек арада жайгашкандыгы боюнча эч кандай эскертүү берилген эмес», — деп түшүндүргөн ал.

Ал эми Акматов кыргыз жарандары бир топ жылдан бери карта боюнча Өзбекстан тарапка таандык сайдын жээгиндеги жерди колдонуп келгенин билдирди. Ошондой эле Кара-Дарыянын тургундарына бул боюнча алдын ала түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн дейт.

«Көгарт дарыясы бир нукта акпайт. Анын нугу суунун агымына жараша өзгөрүп турат. Акыркы 4-5 жылда суу 300 метрдей ары жылып кетти. Суу акпай калган жер мурдатан эле Өзбекстандын жери болгон. Суу Өзбекстан тарапты жеп, алар жакка аккандыктан өзбекстандыктар суунун берки өйүзүнө өтө албай калышкан. Былтыртадан бери биздин жарандар “бул жер бош турат” деп иштетип баштаган», — деди Жалал-Абаддын башчысынын орун басары.

Ал ошондой эле, өткөн жылдан тарта өзбек тарап зымдарын алып келип чек араны тособуз дегенде кыргыз тарап чогуу кылабыз деп тарттырбай койгонун айтып берди.

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араларынын 85 пайызын тактаган. Ал эми Жалал-Абад облусунда тактала элек алты участок бар.