Кыргызстанда COVID-19дан дагы 22 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурган дагы 22 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-майдагы брифингде кабарлады.

Бишкек шаарында — 16, Нарын облусунда беш жана Ош облусунда бир бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1088ге жетти — бул оорулуулардын 65 пайызын түзөт. Ошондой эле оорудан сакайгандардын арасында 247 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 29-майга карата коронавирустун жаңы 68 учур катталды — жалпы 1662 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 558 адам жатат — алардын алтоосу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.