Соцтармактарда премьер-министр Абылгазиевдин КЭАУда билим алганына шек санап жатышат

АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын эл аралык университетин (КЭАУ) аяктап-аяктабаганына шектенди.

АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын эл аралык университетин (КЭАУ) аяктап-аяктабаганына шектенди.

Премьер-министрдин расмий биографиясында ал 1997-жылы КЭАУну аяктаган деп жазылган. Хакимовдун айтымында, бул жылы ушул университеттин алгачкы бүтүрүүчүлөрү окууну аяктаган жана ал ошол бүтүрүүчүлөрдүн бири болгон.

Өкмөттүн сайтында билим графасында Абылгазиев окуган факультет жазылган эмес. Хакимов болсо саясатчынын биографиясында КЭУнун экономика факультети бар экенин (википедияда так ушул нерсе көрсөтүлгөн) айтууда — дал ошол факультетти бүтүргөн кыргыз диспорасынын башчысы, бирок анын эсинде өкмөт башчысы жок. Премьер-министр группалаштарынын да эсинде жок.

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Хаким бакалавриатта окуса керек деп «Клоопко» билдирди. Ал эми премьер магистратураны аяктаган — анын биографиясына ылайык, бул анын экинчи билими болгон. Султаналиев Хакимов менен Абылгазиев ар башка кабинеттерде жана ар башка убакта окушса керек деп айтты. Анын айтуусу боюнча, азыр КЭАУ премьер-министр аларда окуп билим алганын тастыктаган документтерди караштырып атышат.

Хакимовго жазган комментарийинде Султаналиев жогорудагы эле нерсени жазган.

Бирок Хакимов кайрадан күмөн санап, ал учурда КЭАУда магистратура жок болчу деп айтты. КЭАУнун кызматкери Сырга Тынымсеитова — ал ЖОЖдун сайтында «Эл аралык укук» кафедрасынын окутуучусу катары көрсөтүлгөн — университетте магистратура 1995-жылы пайда болгонун, демек премьер аны 1997-жылы бүткөн деп жооп берди. Мындан тышкары, ал ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөттөрү илинген тактанын сүрөтүн жарыялады — ал жакта Мухаммедкалый Абылгазиев да бар.

29-май күнү, болжол менен саат 12лерде КЭАУ «Клоопко» премьер ушул университетте окуганынын далилдерин жөнөтүүнү убадалаган, ЖОЖ менен сүйлөшкөн убактан тартып, материал жарык көрөгөнгө чейин беш сааттан ашык убакыт өттү, бирок алардан ошол бойдон маалымат келген жок.