Түркияда коронавирус жуктурган алты памирлик кыргыз ооруканадан айыгып чыкты

Түркиянын Анкара шаарында жашап, коронавирус жуктуруп алган жети памирлик кыргыздын алтоо ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу «Кыргыз түрктөрү маданият жана жардам берүү коомунун» өкүлү Мошал Гүвен «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, калган бир бейтаптын дагы ооруканадан чыгарылышы күтүлүүдө.

«Буга чейин беш киши дарыланып жаткан. Үч күн мурда ооруканадан эки мекендешибиз айыгып чыкты. Бүгүн кечке чейин дагы эки киши ооруканадан чыгат. Ошентип бир гана мекендешибиз дарылануусун улантат», — деди ал.

Түркиянын Ван провинциясындагы Улуу Памир айылынан бир нече памирлик кыргыздар 7-8 жыл мурда Анкарага көчүп келишкен. Азыр ал жакта 50дөй түтүн памирлик кыргыздар жашайт.

1982-жылы Ооганстандагы памир кыргыздарын түрк өкмөтү Түркиянын Ван аймагына көчүрүп келип, жер жана турак жай берген. Учурда Вандын Улуу Памир айылында 3 миңдей этникалык кыргыз жашайт.