Коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 350гө жетти

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 31-майдагы брифингде Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус дагы алты медицина кызматкеринен аныкталганын билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 350гө жетти, алардын 249у өпкө илдетинен айыкты. Бир медицина кызматкери — Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева илдеттен каза болду. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтеп чыгат.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1748ге жетти, бир суткада жаңы 26 учур катталды. 31-майга карата коронавирус илдетинен он алты киши каза болуп, 1170 адам илдеттен айыкты.