Кыргызстанда COVID-19 дагы 26 адамдан табылып, жалпы оору жуктургандар 1748 кишиге жетти

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 26 адамдан табылды — алардын алтоо медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 31-майда брифингде билдирди.

«Катталган 26 учурдун экөөсү сырттан келгендер — жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана апасы менен чет жактан келген өспүрүм. 23 учур оорулуулар менен байланышта болгон үй карантининдеги адамдар. Ал эми бир учурдун оору жуктурган себеби аныкталган жок», — деди Үсөнбаев

Нарын облусунда — 12, Бишкек шаарында — 7, Ош облусунда бир, Чүй облусу жана Ош шаарында үчтөн жаран коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1748ге жетти, анын 350сү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1170 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми он алты бейтап илдеттен каза тапты.

Аймактар боюнча Бишкек шаары биринчи орунда турат, борбор калаада 436 адам вирус шарттаган илдетке чалдыкты. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 358 учур. Ош облусунда — 218, Жалал-Абад облусунда — 162, Ош шаарында — 182, Чүй облусунда — 127, Баткен облусунда — 29 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Ошондой эле, чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин арасында 222 адамда коронавирус аныкталды.

Учурда ооруканаларда 562 адам бар. Алардын бешөө ооруканалардын жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми өлкө боюнча обсервацияга 2241 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7426ны түздү, алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган. Ошондой эле, өткөн сутка ичинде 2 276 изилдөө жүргүзүлдү.