«Бар болсун, Кыргызстан». Актриса Наталья Орейро кыргызстандык балдарды майрамы менен куттуктады

Наталья Орейро

ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси, актриса Наталья Орейро кыргызстандык балдарды майрамы менен куттуктады. Ал Балдарды коргоо күнүндө балдардын саммитин өткөрүүгө чакырды.

«Балдар жана өспүрүмдөр өздөрү үчүн маанилүү болгон темада сүйлөшөт. Бизде алардын үнүн угууга сонун мүмкүнчүлүк бар. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Бар болсун Кыргызстан», — деп кайрылды Орейро.

Бүгүн 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн урматына Кыргызстанда биринчи жолу балдардын онлайн саммити өтөт. Ага вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана БУУ Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышат.

Түз эфирдеги саммитке Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан 50 бала катышып, алар аткаминерлердин катышуусунда балдарга карата жасалып жаткан зомбулукту жана аны чечүү жолдорун талкуулап, пикирин билдиришет.

Аягында зомбулукту токтотуу боюнча балдардын кайрылуусу кабыл алынат. Кайрылуу Тумар Манифести менен бирге маалымат каражаттарына таратылат. Манифестке бакубат ата-энелер тажрыйбасын илгерилетүү жана балдарга күч колдонууга тыюу салууну колдоо үчүн 10 миңден ашуун адам кол койгон.

Саммит саат 11:00де башталып, ЭлТР телеканалында түз алып көрсөтүлөт. Ал эми түштөн кийин саммитти КТРК, «Пирамида», «5 канал», «Ынтымак ТВ», «Ош ТВ», «Баткен ТВ», «Жалал-Абад ТВ», «Ысык-Көл ТВ», «Нарын ТВ» жана «СТВ» каналдары көрсөтөт.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөө 1949-жылы Парижде өткөн Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын конгрессинде бекитилген. 1950-жылдан тарта жыл сайын 1-июнда белгиленип келет. Аталган майрамдын максаты балдардын көйгөйүнө — укуктарынын сакталышына, оюн эркин айтууга, билим алууга жана зордук-зомбулуктан коргоого элдин көңүлүн буруу болуп саналат.