Биринчи май райсотунун алдында Атамбаевге каршы жана аны колдогон эки митинг өттү

Материал 15:50дө жаңыртылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук териштирүү үчүн Биринчи май райондук сотуна 1-июнда эртең менен алып келишкен. Сот имаратынын алдына жүзгө чукул адам чогулуп, Алмазбек Атамбаевди, Сапар Исаковду, Фарид Ниязовду жана Икрамжан Илмияновду жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Атамбаевге каршы митингге чыккандар «Жан кыйгыч камалсын! Ууру! Кой-Ташта өлтүрүлгөндөрдүн өмүрү үчүн төлөсүн!» деп кыйкырышты.

Алар ураандар басып жаздырылган бир стилдеги плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Атамбаевди колдоо митинги

Ошол эле учурда башка митингчилер Равшан Жээнбековду жана мурдагы президентти колдоп чыгышты. Атамбаевдин тарапташтары биринчи митингчилерди акча үчүн чыгышкан деп айыпташууда.

«Аларга баары бир, “Камалсын!” деп кыйкыра беришет. Башкысы, акча төлөшсө болду. Жүзүңөрдү көрсөткүлө!» — деп кыйкырды Атамбаевдин тарапташы.

Сот имаратынын алдына мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева КСДПнын желеги менен келген. Ал  президенттин отставкасын жана күйөөсүнүн бошотулушун талап кылды.

Жыйынтыгында, милиция чагым болуп кетпесин деп митингчилердин эки тобунун ортосуна туруп алган.

Бийлик тараптан тоскоолдук кылуу

Мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев билдиргендей, бийлик Атамбаевди колдогондордун көбүнө сот отурумуна кирүүгө тоскоолдук кылды.

«Адамдар чыкпасын деп эскерткен аскер унаалары, катуу сүйлөгүчү бар ӨКМдин машиналары чыгышты, блокпосттор коюлду. Адамдар бул жерге келип, өз жарандык поциясын билдирүүсүн ар кандай жолдор менен болтурбоо үчүн кайгуул милициясы машиналарга айыппул салып, бустарды айып короосуна киргизип жатты», — деп айтып берди Кадыр Атамбаев Kaktus.Mediaнын түз эфиринде.

Анын айтымында, мунун баары президенттин тарапташтарына өз митинги менен чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн кылынды.

«Мына, ушул жерде [Сооронбай] Жээнбековду колдоо үчүн акча төлөнгөн митинг турат. Тигил жакта заматта мушташты баштоого даяр болгон 15 бала турду. Ошондуктан, биз бул формалык ээн баштык экенин түшүнөбүз», — деп билдирди мурдагы президенттин уулу.

Атамбаев сот залынан четтетилди

Эшикте нааразычылык акциясы болуп жатканда, адвокат мурдагы президентти темир тордун артындагы соттолуучулардын отургучуна жайгаштырбоону өтүнгөндүгү үчүн Алмазбек Атамбаев сот отурумунан четтетилди.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёв билдиргендей, соттун чечими мыйзамсыз болду жана бул чечим анын кардарынын сот процессине катышууга болгон конституциялык укугун бузууда.

«Башкача айтканда, сот Алмазбек Шаршеновичтен арылды. [...] Анын кан басымы мезгил-мезгили менен түшүүдө, бирок ал өзүн жакшы сезип жатат», — деп кошумчалады Слесарёв.

Андан кийин сот саат 14:00гө чейин тыныгууну жарыялады.

Кой-Таштагы окуя же Атамбаевдин үйүн камалоо

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган камалоого алып, 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназдын жоокери каза болуп, 100гө чукул адам жабыркаган.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөртүлгөн.

Атамбаев камалгандан кийин бийлик «Массалык башаламандык уютуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча кылмыш иштерин козгогон. Мурдагы президент бул иштер боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат. Андан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапташы Кой-Таштагы окуя боюнча сурак берип, айрымдары камакка алынган.