Кыргызстанда коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды — жалпы 1817 учур

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 69 адамдан табылды — алардын он экиси медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 1-июндагы брифингде билдирди.

Бишкек шаарында коронавирустун жаңы 39 учуру катталды — алардын ичинде Орусиядан келген 18 жаран жана төрт медкызматкер бар. Нарын облусунда 14 бейтап таажы вирусун жуктуруп алды, алтоосу медкызматкер. Ош шаарында тогуз учур — анын бирөөсү дарыгер. Чүй облусунда — алты жана Ош облусунда бир медкызматкер илдетке чалдыкты. Ошондой эле, жаңы катталган беш учурдун булагы белгисиз болууда.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1817ге жетти — анын 362си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1181 адам айыкты, он алты бейтап көз жумду.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 457 учур. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 372 учур. Ош облусунда — 219, Жалал-Абад облусунда — 162, Ош шаарында — 191, Чүй облусунда — 133, Баткен облусунда — 29 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталды.

Учурда ооруканаларда 620 адам калууда — алардын он экиси оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 2393 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7630ду түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 1151.