COVID-19 дагы 28 адамда аныкталды — жалпы 1845 учур

«Семетей» обсерватору. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 2-июнга карата коронавирустун жаңы 28 учуру катталганын маалымдашты — алардын экөөсү медкызматкер.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Ош шаарында катталды — 16, алардын ичинде эки медицина кызматкери бар. Бишкек шаарында он бир жана Нарын облусунда бир бейтапта коронавирус табылды. Жаңы катталган учурлардын 16сы чет өлкөлөрдөн келген жарандардан аныкталды, калгандары карым-катнашта болгон бейтаптар.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1845ке жетти — анын 364ү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1219 адам айыгып, он жети бейтап каза болду.

Коронавирустун эң көп катталганы боюнча биринчи орунда Бишкек шаары турат, борбор калаада 468 адам вирус шарттаган илдетке чалдыкты. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 373 учур. Ош облусунда — 219, Жалал-Абад облусунда — 162, Ош шаарында — 207, Чүй облусунда — 133, Баткен облусунда — 29 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 256 адамда коронавирус аныкталды. Алар Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы ооруканаларга жайгаштырылган.

Учурда ооруканаларда 609 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде он алты бейтап оор абалда — беш бейтап жандандыруу бөлүмүндө калууда. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2404 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7664ү түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2416.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.