Ош милициясы баланы чакага салып айдаган айдоочу боюнча окуяны териштирүүдө

Whatsapp мессенжери аркылуу 1-июнда трактордун айдоочусу жаш баланы чакага отургузуп унаанын алдына илген бойдон айдап бара жатканы тартылган тасма тарады. Видео ырчы Гүлнара Кахарованын «балама» аттуу ыры менен коштолгон.

Анда «баланы кимдер сүйбөгөн, бапестеп багып күйбөгөн» деген ыр саптары жаңырат.

Бирок бул тамса айрым социалдык колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты. Алар баланын коопсуздугу сакталган эмес деп сындап жатышат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» аталган тасма өлкөнүн кайсы аймагында болгону такталып атканын билдирди. Анын айтымында, жаш баланын коопсуздугу эске алынбаган жагдайда мыйзам боюнча жоопкерчилик каралган.

«Туура эмес. Баланы жада калса алдыңкы отургучка да отургузууга болбойт. Баланын коопсуздугу деген маселе бар. Бул видео качан жана кайда тартылганы такталып жатат», — деди Аширбаев.