Оштун мэри үй-интернатындагы бир туугандарга батир белек кылмай болду

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы «Боорукердик» үй-интернатында тарбияланып жаткан беш бир тууганга батир белек кылууну убадалады. Бул тууралуу «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады.

Абсаттаровдун айтымында, балдардын улуусу быйыл 18 жашка толуп интернаттан кетиши керек болгондуктан, аларга мэр демөөрчүлөр менен биргеликте шаарда курулуп жаткан элиталык үйлөрдүн биринен батир белек кылат.

«Бир туугандардын апасы турмуштук оор шартка байланыштуу жети жыл мурда балдарды интернатка тапшырып, ал эми өзү оорудан улам эки жыл мурун каза болуп калган. Арасында эгиз балдар бар, катар-катар кичинекей балдар бири-биринен ажырай алышпайт экен. Мындан улам мэр батирди күз айларында тапшырууну убадалады», — деди ал.

Мэриянын маалыматына ылайык аталган үй-интернатыда жалпысынан 25 бала тарбияланат.

Ош шаарында мындан сырткары «Лотос» жана «Алтын-Уя» үй-интернатты бар — аларда жалпысынан 22 бала жашайт. Ал эми балдар үйү шаарда жалгыз гана — анда бала бакча жашына чейинки ымыркайлар тарбияланат.