Укук коргоочу Камиль Рузиев ооруканага жаткырылды

Укук коргоочу Камиль Рузиевдин уулу Азат Рузиев атасы ооруканага жаткырылганын кабарлады.

«Атам 1-июнда стресс жана ачкачылыктан кийин ооруканага жатты. Азыр ал Ысык-Көл облустук ооруканасында», — деп жазат Азат Рузиев.

Укук коргоочу өзү «Клоопко» курган маегинде учурда жакшы болуп калганын, бирок сот процесстеринин бардыгын 3-июнга жылдырууну суранганын айтты. Сот процесстерине укук коргоочу жеке өзү катышышы керек.

3-июнда өтө турган сот процесси Камиль Рузиевдин УКМКнын кызматкерлеринин аракеттерине карата даттануусуна байланыштуу.

Рузиев ооруканага жаткырылгандыктан улам анын 2-июнда саат 18:00дө өтүшү керек болгон сурагы болбой калды.

Укук коргоочуну кармоо

Укук коргоочу Камил Рузиев 29-май күнү кечинде өзүнүн УКМКнын жана прокурорго карата доосу каралып жаткан соттон чыккандан кийин кармалган.

Рузиевди жанында документтер жок болгон деп убактылуу кармоо изоляторуна киргизип, өздүгү такталмайын изолятордо боло турганы маалымдалган.

Рузиевдин паспорту судьяда калган, ал аны алып тергөөчүлөргө көрсөтө алмак, бирок ага мүмкүндүк берилген эмес. Аны кармоонун үстүндө иштеген тергөөчүлөрдүн укук коргоочу арызданган УКМКнын кызматкерлери менен түздөн-түз байланышы бар.

Укук коргоочу эки суткага убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген. Ал эми ЖМКга болсо УКМКдан Рузиевдин «Алдамчылыкка» жана «Документтерди жасалмалоого» шектелип атканы айтылган пресс-релиз келген.

Рузиевдин баш коргоо чарасы карала турган сот башталаарга чейин иштин материалында «Алдамчылык» жөнүндө берене жоголуп кеткен, ал эми отурумдун өзүндө тергөөчү Рузиев бул иште күбө катары өтүп жатканын айткан. Ошондой эле бул беренелер боюнча иштерди эмне үчүн УКМК алып барып атканы түшүнүксүз — юристтер жана укук коргоочулары мындай иштердин үстүнөн милиция иштеши керектигин айтышат.

Укук коргоочулар тергөөчүлөрдүн аракеттери укукка жатпайт деп эсептешет — күбөнү токтому жок кармашып, изоляторго киргизишкен.

Айыптоочу Рузиевдин баш коргоо чарасын үй камагы түрүндө берүүнү өтүнгөн, ал эми адвокат эч жакка кетпөө жөнүндө кол катты суранып көшөргөн. Сот тергөөчүлөрдүн бузууларына, алардын айкын кызыкчылыгына көңүл бурбастан, кыйноолорго каршы күрөшкөн адамды үй камагына жөнөткөн.