ЕӨРБ «Ош-Тазалык» ишканасына 12 жаңы таштанды ташуучу унаа тапшырды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Материал жаңыртылды.

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына 3-июнда 12 жаңы таштанды ташуучу унаа тапшырылды. Алар Ош шаарында катуу калдыктарды чыгаруу жана утилизациялоо боюнча тейлөөнүн сапатын жогорулатуу долбоорунун алкагында алынган.

Бул долбоорду каржылоо үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Европалык инвестициялык банкы жана Европа биримдиги тарабынан 10 млн евро бөлүнгөн. Алардын 2 миллионун ЕӨРБ жана 3 миллионун ЕИБ кредит катары, калган каражатты ЕБ грант катары бөлүп берген.

Жаңы алынган унаалардын баасы 545 миң еврону түзөт. Ал эми жалпысынан таштанды ташуучу техникага 1,9 млн евро каралган.

«Калган 1,4 млн евро акча каражатына сыйымдуулугу 16 м3 болгон дагы 12 даана атайын автоунааларды сатып алуу үчүн июнь айынын аягына чейин банк тарабынан тендер жарыяланмакчы», — деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев.

Мындан сырткары «Ош-Тазалыкка» 32 таштанды үчүн контейнер да тапшырылды. Жылдын акырына чейин бөлүнгөн каражаттарга дагы 12 таштанды ташуучу унаа жана 1136 контейнер сатып алынуусу күтүлүүдө.

Ош мэриясы менен ЕӨРБ аталган долбоорду ишке ашырууну тууралуу келишимге мындан сегиз жыл мурда эле жетишкен. Анын алкагында жергиликтүү бийлик «заманбап» таштанды талаасын да курушу керек болчу. Бирок азыркы күнгө чейин полигон салынбай келет. Мунун себебин мэриянын өкүлдөрү жаңы полигон курууга ылайыктуу жер табыла электиги менен байланыштырып келишкен.

Ошентип «Ош-Тазалык» ишканасыны жаңы полигонду эскисинин жанында бош калган 20 гектар жерге салууну чечкен. Бирок курурулуш иштери баштала элек.

Жаңы таштанды талааны куруу зарылчылыгы

Азыр Ош шаарынан чыккан таштанды шаардан беш километр алыстыктагы полигонго чыгарылат. Ал 1950-жылдардын этегинде курулуп, анын аянты 50 гектардан ашат. Күн сайын Оштон полигонго болжолдуу 160 оор жүк унаа таштанды чыгарылат.

Таштанды талаасынан бир чакырым узак жерде ДЭУ жайгашкан. Жергиликтүү тургундар айлана-чөйрөнүн бузулганына жана ден соолуктарынын начарлашына арызданып келишет. Алар буга таштанды полигону себеп дешет. ДЭУнун тургундары бир нече ирет митингге чыгышып, полигондун көчүрүлүшүн талап кылышкан. Бирок бийликтегилер алардын суранычын аткарбай келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарына жаңы таштанды талаа эмне үчүн курулбай жатат? Түшүндүрөбүз