Октябрь райондук акимиатта COVID-19га чалдыккан төрт адам аныкталды

Саламаттык сактоо министрлиги 3-июнда Бишкектин Октябрь райондук администрациясынын жүзгө чукул кызматкеринен тест алынып, анын жыйынтыгы акимиаттын төрт кызматкеринде коронавирус бар экенин көрсөткөнүн кабарлады. Коронавируска чалдыгуунун дагы бир учуру Свердлов райондук администрациясында да аныкталган.

«Бардык бейтаптар дарыланып жатышат, байланышта болгон адамдардын баары карантинге алынып, медицинык кароодо жатышат», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Октябрь райондук администрациясынын кызматкери 26-май күнү «Спутиник» басылмасына жашыруун шарты менен акимиаттын кызматкерлеринин биринде коронавирус аныкталып, имарат убактылуу жабылганын билдирген. Эртеси күнү Октябрь районунун башчысы Максим Ситников бул шектенүүлөр тастыкталбаганын, бирок акимиаттын имараты дезинфекциядан өтөөрүн айтан.

3-июнга карата, өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруунун 1871 учуру катталган. Алардын ичинен 1265 адам оорудан айыгып, 20 бейтап каза тапкан.