Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын 68 пайызы айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 27 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын арасында 5 медкызматкер бар. Айыккандардын 24ү Бишкек шаарында дарыланып чыгышкан. Ошондой эле Баткен облусунда эки жана Ош облусунда бир бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1292ге жетти — бул жалпы оорулуулардын 68 пайызын түзөт. Алардын арасында 270 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 4-июнга карата коронавирустун жаңы 28 учур катталды — жалпы 1899 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 587 адам жатат — алардын үчөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.