Ошто жогорку окуу жайдын мугалиминин сөөгү Ош - Араван каналынан табылды

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин тарых факультетинде эмгектенген 47 жаштагы мугалим Эркайым Шадыеванын сөөгү Ош - Араван каналынан табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Абсатар Тавакалов билдирди.

Анын айтымында, мугалим 3-июнь күнү Ош шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, жакындары милицияга кайрылган. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун сөөгү 4-июнда Ош - Араван каналынан табылды.

«Ыкчам тергөө тобу сырттан кароо жүргүзгөндө маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Жакындары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышты», — деди Тавакалов.

Учурда өлүмдүн себеби териштирилүүдө.