Президенттин жардамчысы Абдулазим Курманов Мамкадр кызматынын жетекчи орун басарлыгына дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков Абдулазим Курмановго тиешелүү эки буйрукка кол койду — буйруктун бирөөсү менен аны мамлекет башчысынын жардамчылык кызматынан алынып, экинчи буйрук менен ал Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлыгына дайындалды.

Курманов жөнүндө маалымат аз, бирок ал тукуму менен юрист деген маалымат бар. Ал советтик окумуштуу юрист Карпек Курмановдун небереси, юриспруденциянын профессору Айдар Курмановдун уулу, парламенттин экс-спикери Зайнидик Курмановдин иниси.

35 жаштагы Курманов Калыбек Алышбаевдин ордуна келди. Ал эми Алышбаев болсо башка жумушка өтүп аткандыктан директордун орун басарлык кызматын бошотуп берген.

Курмановдон тышкары Мамкадр кызматында дагы бир орун басар бар — Олег Тарбинский, ал эми кызматтын өзүн Бакыт Сагынбаев жетектейт.