«Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам долбоору чакан партиялардын ишин оорлотот — Бекешев

Депутат Дастан Бекешев кезектеги «Ликбез по инициативам» аттуу видеосун жарыялады. Бекешев бул жолу «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамды талдады. Бул мыйзамды депутаттар — Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Бакиров демилгелешкен.

Бекешевдин айтымында, партиялар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин чакан саясий партиялардын турмушу кыйла оорлойт.

Ал эгер мыйзам парламенттик шайлоо учурунда кабыл алынса, анда партиялардын бардыгы кайра каттоодон өтүшү керек болоорун түшүндүрдү. Чакан партияларга муну штатта юристтер аз болсо жасоого оор болот.

«Мыйзам парламенттик шайлоо учурунда күчүнө кириши мүмкүн, демек бардык партиялар кайрадан катталышы керек болот, чоң партиялар муну оңой эле кылып коюшат, ал эми кичинекейлерге оңой эмес», — деди ал.

Жаңы мыйзам партияларды бир эле Салык кызматына жана Соцфондго эмес, БШКга да отчёт тапшырып турууга милдеттендирет, себеп дегенде эгер мыйзам кабыл алына турган болсо партиянын бардыгы Боршайкомдун көзөмөлүнө алынып калат.

«Чакан партиялар салык кызматына, Соцфондго жана БШКга отчёт тапшырышы керек болот. Жаш партияларга юристтер менен бухгалтерлерден турган штатты кармаш керек болот, токтобогон текшерүүлөр аларды кыйнап жиберет. Жаңы мыйзамда саясий партиялардын уставдары кенен жазылышы керектиги каралган — съездде кантип добуш бериш керек, депутаттардын тизмесин кантип жылдырыш керек, президенттикке талапкерлерди кантип жылдырыш керек. Ушул уставды дайыма текшерип турушат», — деп айтып берди депутат.

Партиялар жөнүндө жаңы мыйзамда дагы эмнелер сунушталды?

Мыйзамдын демилгечилери маалымкат-негиздемеде партияларга чет мамлекеттердин, чет элдик физикалык жана юридикалык жактардан, анын ичинде эл аралык уюмдардын эсебинен каржы алууга тыюу салууну сунуштап жатышат.

Демилгечилердин айтымында, мындай чаралар өлкөдө чет элдик капиталдын ички саясий абалдын өнүгүшүнө тийгизген таасирин бөгөттөйт.

Ошол эле кезде партияларга каржыны түздөн-түз өлкө казынасынан алуу, ал эми мамкаражат кайда жана кандай жумшалганы тууралуу отчётту БШКнын сайтында жарыялап туруу сунушталууда.

«...мамлекеттик каржылоону Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуунун жыйынтыгы же жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолордо катышуусунун жыйынтыгы боюнча шайлоо мыйзамдарында белгиленген шайлоо босогосунан төмөн шайлоочулардын добушунун белгилүү бир пайызын алган саясий партиялар алышаары каралат», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.