ИИМ тышкы миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алууну сунуштап жатат

Жогорку Кеңеште 3-июнда «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор каралды.

Мыйзам долбоорун кароо учурунда депутат Дастан Бекешев «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына киргизилчү айрым өзгөртүүлөргө нааразы болду.

Бекешевдин айтымында, ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлеринин өздөрү чет өлкөлүк жарандардан акча опузалашат, ал эми чет элдиктер коркконунан арыз жазып милицияга кайрыла алышпайт.

«Чет элдиктер милицияга арыз жазгандан коркушат, алар бизге опузалап акча алуу факталарын айтып беришет, бирок корккондуктан аягына чейин барышпайт, силердин 10-бөлүмүңөрдүн кызматкерлери абдан бай адамдар», — деди депутат.

Ал ИИМге чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабылууга мүмкүнчүлүк түзө турган пунктту мыйзамга киргизейин деп жатышканын байкаган.

Өзгөртүүлөрдө өлкөдөн чыгаруунун материалдары ички иштер тармагындагы орган же улуттук коопсуздук тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жол-жоболоштурулаары айтылат.

Дал ушул органдар, мыйзамга ылайык, чет элдик жаранды Кыргызстандын чыгаруу же чыгарбоо чечимин кабыл алышмакчы.

«Сиз укук коргоо органдары жазма буйругу жок эле чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгара ала турган норманы сунуштап жатасыз. Сиз өзүңүзгө соттун ишин алып, өз алдынча мындай чечимдерди чыгарбашыңыз керек», — деп билдирди Бекешев.

ИИМ маалымкат-негиздемеде өзгөртүүлөр мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү жана өлкөдө миграциялык абалдын начарлашына жол бербөө үчүн керек, себеп дегенде Кыргызстанда өлкөдө жүрүү эрежелерин бузуп аткан чет элдик жарандарды жоопкерчиликке тартуу механизми жок.

Депутаттар сын-пикирлерге карабастан мыйзам долбоорун 4-июнда биринчи окууда кабыл алышты.