Келерки парламенттик шайлоого катышуу үчүн эски жана жаңы саясатчылар «Жаңы Дем» альянсына бирикти

Кыргызстандын алты саясий партиясы «Ата Мекен Жаңы Дем» аталышта жаңы бирикме түзүлгөнүн билдиришти. Жаңыланган курам менен алар 2020-жылдын күзүндө боло турган парламенттик шайлоого даярданып, шайлоо кампанияларына аттанышат.

Кызматташуу жана биригүү жөнүндө макулдашууга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Темир Сариев («Ак шумкар»), Рыскелди Момбеков (КСДП), Тилек Токтогазиев («Жаны Дем» жаштар кыймылы), Азамат Темиркулов («Кыргызстандын Жашыл альянсы») жана Жанар Акаев (КЛДП) кол коюшту.

«Биздин альянс — бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар. Негизги максатыбыз келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу. Биз «Жаңы Дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз. Биз бардык саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды өз катарыбызга чакырабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Мындай кадам менен, тагыраагы, эски жана жаңы саясатчыларды бир топко чогултуу менен партия өлкөдө «реалдуу өзгөрүүлөрдү» жүргүзүп, жарандык коом менен кызматташууну пландап жатат.

«Биздин бирикмеде тажрыйба менен заманбап ыкмалардын, жаңы көз караш менен саясий даанышмандыктын оптималдуу айкалышы бар. Биз элибиздин каада-салтын, баалуулуктарын жана уникалдуу маданиятын сактоо жаатында консерваторбуз. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган кандай чечим болбосун, реформаторлук көз карашты бекем сактайбыз», — деп айтылат документте.

Кыргызстанды парламенттик шайлоо график боюнча 2020-жылдын октябрында өтүшү керек.

Жаңы бирикменин мүчөлөрү тууралуу

Жаңы бирикменин дээрлик бардык мүчөлөрү — бул учурдагы саясатчылар, партиялардын лидерлери же буга чейин таптакыр саясатчы болуп көрө элек адамдар.

Алардын арасында «Жаңы Дем» жаштар кыймылынын лидери Тилек Токтогазиев бар. Анын саясатта тажрыйбасы жок, бирок ал айыл чарба министринин жетекчилигине талапкерлигин сунуштаган. Токтогазиевдин күнөскана бизнесинде тажрыйбасы мол.

Министрликти жетектөө дымагында аны «Бир Бол» партиясы колдоп, натыйжада ага айыл чарба министринин орун басарлык кызматы сынышталган, бирок ал беш жылда реформа жүргүзө албаган адамдын орун басары боло албасын айтып сунуштан баш тарткан.

«Жаңы “Ата Мекен Жаңы Дем” бирикмеси Кыргызстандын тажрыйбалуу саясатчылары менен жаш жана прогрессивдүү жаштарынын симбиозу болуп калат», — деп билдирди Токтогазиев Reporter.kg басылмасына курган маегинде.

Бирикменин дагы бир мүчөсү Рыскелди Момбеков жакында эле КСДП партиясынын төрага орун басарлык милдетин тапшырып, саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтотту. Бирок ал дагы деле КСДП партиясынын мүчөсү болуп саналат. Ошол эле учурда ал акыркы саясий кеңеште биримдик жок партияга катышпай тургандыгын билдирген.

Бул партиядагы араздашуулар Атамбаевдин президенттиги учурунда эле башталган. Бирок партия ичиндеги ыдыроо ал Жээнбеков менен урушуп кеткенден кийин пайда болгон. 2020-жылдын июнь айына карата партия үч башка бөлүккө ажырап кеткен: КСДП, Атамбаевсиз К ДП жана СДК.

Жаңы «Ата Мекен Жаңы Дем» бирикмесинин дагы бир мүчөсү — Өмүрбек Текебаев — «Ата Мекен» партиясынын негиздөөчүсү. Ал парламенттин алты чакырылышынын тең депутаты болгон.

2017-жылы февралда ага каршы кылмыш иши козголгон. Ал 1 млн доллар пара алуу боюнча айыпталган. Ал учурда саясатчы күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны колониядан үй камагына коё берген. Текебаев камакта отурган маалда партияны Алмамбет Шыкмаматов жетектеп келген. Бирок, Текебаев кайтып келгенден кийин эки лидердин ортосунда ажырым орун алып, Шыкмаматов партиядан чыгып кеткен.

Жанар Акаев — мурда журналист жана КСДПнын мүчөсү. Ал сөз эркиндиги үчүн маршка катышканы үчүн партиядан чыгарылып, бирок депутат бойдон калган.

2020-жылдын февралында ал либерал-демократтар партиясына (КЛДП) кошулган. Ал бул партияда журналист болуп иштегенге чейин эле мүчө болгон.

Токтогазиевдин айтымында, «Жаңы Демде» тек гана Жанар Акаев шайлоо жарышынын лидери болот.