Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлердин саны 378ге жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 5-июнга карата Кыргызстанда коронавирус дагы алты медицина кызматкеринен аныкталгандыгын маалымдады.

Бишкек шаарынан бир, Ош шаарынан эки жана Нарын облусунан үч медиктен өпкө илдети аныкталды. Ал эми эки медкызматкердин коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 378ге жетип, алардын 272си өпкө илдетинен айыкты. Эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду. Алардын бирөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди. Ал эми экинчиси Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов. Учурда өкмөт анын жакындарына миллион сом кун төлөп берүү маселесин карап жатат.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган.

Медицина кызматкерлерине март айында жалпы 37 млн сомго жакын кун төлөнүп берилди. Бишкек шаарынан 1112, Ош шаарынан 362, Ош облусунан 1047, Жалал-Абад облусунан 1182, Чүй облусунан 835, Баткен облусунан 500, Нарын облусунан 499, Ысык-Көл облусунан 479, Талас облусунан 267 медкызматкер компенсация алды. Өлкө боюнча март айында иштеген медиктердин жалпы саны — 6283.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5-июнга карата 1936 кишиге жетти. Алардын ичинен 22си каза болуп, 1340 адам илдеттен айыкты.