Ош шаарында талапка жооп берген гана бала бакчалар 8-июндан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Калматова билдирди.
Анын айтымында, мындан улам бир гана жеке менчик бала бакчалар ачылып, мамлекеттик бакчалар ачылбай калуусу мүмкүн. Буга андагы дарыгерлердин жетишсиздиги себеп болууда.
«Шарты толук алгоритмге жооп берген гана жеке менчик бала бакчалар дүйшөмбүдөн тарта ачылат. Мамлекеттик бала бакчалардын ачылуусу азыр белгисиз, себеби аларда дарыгерлер жарым штатта гана иштейт. Мындан улам бакчалардын жетекчилери балдардын ден соолугуна жооп бере албай калабыз деп жатышат», — дейт Калматова.
Ал ачыла турчу бакчаларда баланын саны бир тайпада 10-15тен ашпашы керектигин белгиледи. Ошондой эле бала бакчалардын кызматкерлери алдын ала коронавируска карата анализ тапшырышы керек.
«Балдар коронавируска карата анализ тапшырышпайт, бирок ден соолугу тууралуу маалым кат алып келүүлөрү керек болот. Бала бакчага кирээрде ар бир баланын дене табы өлчөнөт, дезинфекциялоочу жайдан өтүшөт. Алар эрте мененден кечке чейин атайын дарыгердин көзөмөлүндө болушат», — деп түшүндүрдү ал.
Өлкөдө дээрлик үч айлык карантинден кийин бала бакчалар ишин жанданта баштады.