Видео: Араванда тез жардам унаасы жол кырсыгына учурады

Ош облусунун Араван районунда тез жардам унаасы менен жеңил автоунаа кагылышып кетти. Бул тууралуу «Клоопко» жергиликтүү тургундар кабарлады. Ошондой эле кырсык учурундагы сүрөт-видеолорду жолдошту.

Жол кырсыгынан улам 5 адам ооруканага түшүп, экөөнүн баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган — алардын бири фельдшер болгон.

Араван райондук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн башчысы Мамадияр Авазали уулу «Турмушка» учурда фельдшердин жана жеңил унаанын айдоочусунун абалы «орто» деп бааланып жатканын айтты. Ал эми калган үчөө амбулатордук дарылануу үчүн үйлөрүнө чыгарылган.

Кырсык Аравандын Санталатхан Юсупова айыл өкмөтүнүн көчөлөрүнүн биринде

4-июнда саат 18:30 чамасында орун алган.

Видео байкоочу камераларга жазылып калган тасмадан катуу тездикте келе жактан тез жардам унаасы бурулууга камданып жаткан жеңил автоунаа менен кагылышып токтоп турган башка бир унааны сүзүп алган.

Окуя боюнча Ош облустук ЖКККБсынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.