Бишкек: Биринчи май райсотунун алдында кайрадан Атамбаевге каршы митинг өттү

Бишкекте Биринч май райондук сотунун имаратынан алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы кезектеги митинг өттү.

Бүгүн, 8-июнда, Атамбаевге каршы миингге 20 чакты адам чогулуп, алар «Атамбаев — ууру!» деп кыйкырып жатышты. Ошондой эле чогулгандар мурдагы президенттин тарапкери эсептелген депутат Ирина карамушкинага да каршы чыгышты.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёв билдиргендей, айрым адвокаттар келбегендиктен 8-июнда боло турган Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылдырылган.

«Бүгүн отурум жылдырылды, каза тапкан спецназчынын апасынын айрым адвокаттары келбегендиктен. Сот кийинкү дүйшөмбү, 15-июнга калды», — деп билдирди адвокат.

Биринчи эле митинг эмес

Буга чейин 1-июнда да Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы президентке каршы митинг болуп өткөн. Анда чогулгандар «Адам өлтүргүч камалсын!» «Кой-Ташта каза болгондордун өмүрү үчүн жооп берсин!» деген ураан-талаптарды айтышкан.

Ошол эле убакта Атамбаев жана Равшан Жээнбеков үчүн экинчи митинг өткөн. Анда Атамбаевдин тарапкерлери биринчи митингдегилерди төлөнүп чыккандар деп айыпташкан.

«Аларга эмне үчүн кыйкырышса да баары бир: “Камалсын!” Башкысы төлөп беришсе болду. Жүзүңөрдү ачкыла!», — деп айткан Атамбаевдин тарапкери.

Сотко мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаева Социал-демократиялык партиянын желегин көтөрүп келген. Ал президенттин отставкасын жана күйөөсүнүн бошотулушун талап кылган.

Натыйжада милиция кызматкерлери чагым жаралып кетпеши үчүн митингге чыккан топтордун ортосун тороого алган.

Кой-Таштагы окуя же Атамбаевди кармоо

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнүндө, 7-августта, Атамбаевдин тарапкерлери ал жакта атайын операция жүргүзүп аткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алган.

Атамбаев камалгандан кийин бийлик «Массалык башаламандыкты уютуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча кылмыш иштерин козгогон. Мурдагы президент бул иштер боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат.

Башкы сүрөт: 24.kg