Коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 400гө жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 8-июндагы брифингде Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус дагы беш медицина кызматкеринен аныкталганын билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 400гө жетти. Эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду. Ал эми 282си өпкө илдетинен айыкты.

Эң алгач коронавирустан Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева, андан кийин 2-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда врач фтизиатр болуп эмгектенген Альберт Исмаилов көз жумду.

Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди. Ал эми Исмаиловдун жакындарына кун төлөө маселеси каралып жатат.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтеп чыгат.

Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирустун жаңы 25 учуру катталып, жалпысынан оору 2032 кишиге жукту — анын ичинен 23 бейтап каза болду. Ооруканаларда 564 адам жатат, алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө.