Кыргызстанда COVID-19 дагы 25 адамдан табылып, жалпы оору жуктургандар 2032 кишиге жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 25 адамдан табылды — алардын бешөө медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 8-июндагы брифингде билдирди.

Бишкек шаарында 18, ал эми Чүй облусунда 7 учур.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 2032ге жетти, анын 400ү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1445 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 23 бейтап илдеттен каза болду.

Аймактар боюнча Бишкек шаары биринчи орунда турат, борбор калаада 549 адам вирус шарттаган илдетке чалдыкты. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 398 учур. Ош облусунда — 236, Жалал-Абад облусунда — 166, Ош шаарында — 232, Чүй облусунда — 161, Баткен облусунда — 32 жана Ысык-Көл облусунда 18 адам илдетке чалдыкты.

Мындан сырткары чет жактан келгендердин арасында 240 адамдан илдет табылган.

Учурда ооруканаларда 564 адам бар. Алардын үчөө ооруканалардын жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми өлкө боюнча обсервацияга 2127 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 8509ду түздү, алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган. Ошондой эле, өткөн сутка ичинде 2 359 изилдөө жүргүзүлдү.