«Кыргызстан» фракциясынын лидери шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн депутаттык мандатын тапшырды

«Кыргызстан» парламенттик фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков 9-июнда депутаттык ыйгарымдарын тапшырып жатканы тууралуу арыз жазды. Ал быйыл күз айларында өтө турган парламенттик шайлоого кам көрүү үчүн парламенттен кетүүнү чечти. Анын мандаты бизнесмен Бейшеналы Нурлиновго өтүшү мүмкүн.

Бир күн мурда, 8-июнда анын партиялашы Руслан Чойбеков да ушундай эле себеп менен мандатын тапшырып берген. Тизме боюнча андан кийинки орунда турган депутаттыкка талапкер Руслан Молдошев тизмеден чыгып жатканы тууралуу азырын жазган.

Эми мандат жаратылыш ресурстарынын мурдагы министри Замирбек Эсенамановго өтүшү керек. Ал мурда коррупцияга айыпталып, бирок акталган.

13-майда «Кыргызстандын» дагы эки депутаты Жаныбек Исаев менен Алмазбек Эргешов да шайлоо өнөктүгүнүн алдында мандаттарын мөөнөтүнөн мурда тапшырышкан. Баатырбековдун айтымында, алар октябрда өтө турчу парламенттик шайлоодо партиянын тизмеси боюнча барышат.

Алардын мандаттары экс-депутат жана «Үмүт 2020» кыймылынын түптөөчүсү Ширин Айтматова ун мафиясына тиешеси бар деп айыптаган Шаршенбек Абдыкеримов мененУКМКнын антикоррупциялык кызматынын директорунун мурдагы орун басары Жаныбек Жоробековго өткөн.

«Кыргызстан» партиясы эмнеси менен белгилүү?

«Кыргызстан» партиясы 2010-жылы түзүлгөн. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ал үчүнчү орунду ээлеп, 120 орундун ичинен 18ин алган. Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» партиясынын мандаты боюнча келген Дастан Жумабеков учурда парламенттин спикери.

2016-жылы партиянын лидери Канатбек Исаев ошол убакта президент болуп турган Алмазбек Атамбаев менен араздашып кеткен. Исаев президенттин аппараты сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөргө каршы чыккан. Ал ошол жаңжалдын шартында парламенттеги «Кыргызстан» фракциясын жетектебей калган.

Кийинчерээк, шайлоо өнөктүгү учурунда Канатбек Исаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун атаандашы Өмүрбек Бабановду колдогон. Ошол учурда Исаевге карата эки кылмыш иши козголгон. Исаевге карата бир кылмыш ишти Жогорку сот кылмыш курамы жоктугу үчүн жаап, экинчисин токтотуп койгон.