«Кыргызстан» партиясындагы орун алмашуулар — мандатты жаратылыш ресурстарынын экс-министри алышы мүмкүн

«Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Руслан Чойбеков шайлоо өнөктүгүнө камданыш үчүн депутаттык мандатын тапшырды. Тизме боюнча кийини орунда турган депутаттыкка талапкер Руслан Молдошев тизмеден чыгып жатканы тууралуу азырын жазды.

Эми мандат жаратылыш ресурстарынын мурдагы министри Замирбек Эсенамановго өтүшү керек. Ал мурда коррупцияга айыпталып, бирок акталган.

УКМКнын антикоррупциялык кызматы 2013-жылдын апрель айында Жаратылыш ресурстар министрлигин текшерип чыгып, Эсенаманов 2010чу жана 2011-жылдары министр болуп турган маалда бир топ лицензияны «мыйзамсыз» бергендигин аныктаган.

«2011-жылы Эсенаманов башында турган жер казынасын пайдалануу боюнча комиссия «Көк-Жаңгак» таш көмүр кенин иштетүү үчүн өкмөттүн тиешелүү чечими жок эле төрт лицензияны мыйзамсыз берген», — деп жазылган УКМКнын сайтында.

Мекеме Эсенамановго каршы «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «лицензия берүүдө кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Экс-министр Бишкектин Биинчи май райондук соту тарабынан акталганга чейин УКМКнын ТИЗОсунда бир жарым ай өткөргөн.

Эсенаманов жаратылыш ресурстары министри кызматын 2010-жылдын декабрынан бери ээлеп келген. Ал кызматынан президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгынан кийин кеткен — министр болуп турганда Замирбек Эсенамановго эки жолу сөгүш жарыяланган, ошондой эле аны тоо кен тармагын «бүлүнткөндүгү» үчүн сынга алып келишкен геологдор менен инвесторлордун нааразычылыктарын бир нече жолу уккан.

13-майда депутаттар Жаныбек Исаев менен Алмазбек Эргешов да шайлоо алдындагы ат салышуунун алдында өз мандаттарын мөөнөтүнөн мурда тапшырышкан. Фракциянын лидери Алмазбек Баатырбековдун айтымында, алар октябрда өтө турчу парламенттик шайлоодо партиянын тизмеси боюнча барышат.

Алардын мандаттары мурдагы депутат жана «Үмүт 2020» кыймылынын түптөөчүсү Ширин Айтматова ун мафиясына тиешеси бар деп айыптаган Шаршенбек Абдыкеримов мененУКМКнын антикоррупциялык кызматынын директорунун мурдагы орун басары Жаныбек Жоробековго өттү.

«Кыргызстан» партиясы эмнеси менен белгилүү?

«Кыргызстан» партиясы 2010-жылы түзүлгөн. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ал үчүнчү орунду ээлеп, 120 орундун ичинен 18ин алган. Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» партиясынын мандаты боюнча келген Дастан Жумабеков учурда парламенттин спикери.

2016-жылы партиянын лидери Канатбек Исаев ошол убакта президент болуп турган Алмазбек Атамбаев менен араздашып кеткен. Исаев президенттин аппараты сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөргө каршы чыккан. Ал ошол жаңжалдын шартында парламенттеги «Кыргызстан» фракциясын жетектебей калган.

Кийинчерээк, шайлоо өнөктүгү учурунда Канатбек Исаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун атаандашы Өмүрбек Бабановду колдогон. Ошол учурда Исаевге карата эки кылмыш иши козголгон. Исаевге карата бир кылмыш ишти Жогорку сот кылмыш курамы жоктугу үчүн жаап, экинчисин токтотуп койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мурунку жаратылыш ресурстары министри «мыйзамсыз» лицензия бергендиги үчүн кармалды