Канат Исаев «Кыргызстан» фракциясынын лидерлигине келди

Канат Исаев парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын жетекчилигине келди, ушул эле партиянын башына ал 2019-жылы сентябрда да келген болчу.

Исаев фракциянын жетекчилигине анын мурдагы лидери Алмазбек Батырбеков келерки парламенттик шайлоого даярдануу үчүн мандатын тапшыргандан кийин келип отурат. Буга чейин ушундай эле себептер менен фракциянын башка депутаттары да мандаттарын тапшырышкан.

«Кыргызстан» партиясы эмнеси менен белгилүү?

«Кыргызстан» партиясы 2010-жылы түзүлгөн. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ал үчүнчү орунду ээлеп, 120 орундун ичинен 18ин алган. Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» партиясынын мандаты боюнча келген Дастан Жумабеков учурда парламенттин спикери.

2016-жылы партиянын лидери Канатбек Исаев ошол убакта президент болуп турган Алмазбек Атамбаев менен араздашып кеткен. Исаев президенттин аппараты сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөргө каршы чыккан. Ал ошол жаңжалдын шартында парламенттеги «Кыргызстан» фракциясын жетектебей калган.

Кийинчерээк, шайлоо өнөктүгү учурунда Канатбек Исаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун атаандашы Өмүрбек Бабановду колдогон. Ошол учурда Исаевге карата эки кылмыш иши козголгон. Исаевге карата бир кылмыш ишти Жогорку сот кылмыш курамы жоктугу үчүн жаап, экинчисин токтотуп койгон.