Театр жана кино актёру Марат Жантелиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Белгилүү актёр Марат Жантелиев. Сүрөт: актёрдун фейсбук баракчасынан алынды

9-июнда «Бопуш» деген каймана аты менен белгилүү болгон актёр Марат Жантелиев 59 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Актёр менен коштошуу зыйнаты 11-июнда өтөт, анын сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Режиссёр Эрнест Абдыжапаров «Азаттыка» билдиргендей, актёр буга чейин эки бөйрөгүнөн жабыркап жүргөн. Ал 7-июнда оор абалда Бишкектин Жаңы-Покровка ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Бөйрөк талмасы абдан катуу кармап, дарыгерлердин алы жетпей калыптыр», — деген Абдыжапаров.

Жантелиевди социалдык тармактар аркылуу анын чыгармачылыктагы кесиптештери, достору, акын жана ырчылар жоктоп эскерүүлөрдү жарыялап жатышат. Актёрду вице-премьер-министр Аида Исмаилова да эскерди.

«Чыгаан актёр Марат Жантелиев жараткан ар бир образ жана анын өзүнүн адамгерчилик бийик сапаты, жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат», — деди ал.

Белгилүү театр жана кино актёру Марат Жантелиевге 2018-жылдын 30-августунда «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган. Мындан сырткары, ал Маратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон жана Советбек Жумадилов атындагы театралдык сыйлыкка татыган.

Актёр 1961-жылдын 3-мартында Нарын облусунун Кара-Кужур айылында туулган. 1978-жылы Орусиянын Мамлекеттик кинематография институтуна өтүп, аны 1982-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынан баштап, 1991-жылдан тартып Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында эмгектенип келген.

Жантелиев сатирикалык жанрдагы ролдорду мыкты ойногон. Алгачкы чоң ролун Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» тасмасында жаратып, мындан сырткары «Президент жана бомж», «Очарованный странник» фильмдеринде, «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты» киносериалдарында, «Найман эне», «Талант жана тагдыр», «Үч кемпир», «Көчкү» аттуу спектаклдеринде ойногон.

Ошондой эле актёр «Саякбай» көркөм тасмасында башкы каарман Саякбай Каралаевдин образын жараткан. Ал Саякбайдай улуу инсандын ролун ойноп жатканына толкунданып, «манасчынын кийимин кийигенде эле образ өзүнөн-өзү жаралды» деп эскергени бар. Бул образ анын акыркы ролдорунун бири болуп калды.

Буга чейин Кыргызстандын белгилүү маданият ишмерлери төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана акын, журналист Зайырбек Ажыматов мезгилсиз бул дүйнө менен коштошкон. Ажыматов 44 жашта, ал эми Иманалиев 42 жашта болгон.