КСДП сотко байланыштуу шайлоого катышпай калышы мүмкүн — бирок анын башка амалы бар

КСДП партиясы күздө боло турган парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажырап калышы мүмкүн. Буга Сагынбек Абадрахмановдун доосу боюнча сот териштирүүсү себеп.

* Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунан кийин партия экиге бөлүнүп кеткен. КСДПнын жаңы лидери болуп расмий түрдө мурда партиядан чыгарылган Абдрахманов катталган (анын партиясы «Атамбаевсиз КСДП» деп аталат), бирок, партияга тиешелүүлүгүн тастыктаган сыйбелгилердин бардыгы мурдагы президенттин тарапташтарында сакталып калган жана алар өздөрүн «чыныгы КСДП» деп эсептешет.

Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Ашера Халикова «Клоопко» курган маегинде айтып берди.

«Тилекке каршы, сот териштирүүлөрүнө байланыштуу бизди катыштырбай коюулары мүмкүн», — деди ал.

Сагынбек Абдрахмановдун доосу боюнча сот териштирүүсү уланып жаткандыгы тууралуу маалыматты «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматынан да бекемдеп беришти.

«Абдрахмановдун доосу боюнча иш Биринчи май райондук сотуна жаңы кароого жөнөтүлдү, иш 2-июнда каралып, бир нече күндөн кийин жөнөтүлдү», — деп кабарлашты Жогорку соттон.

КСДПны келе жаткан парламенттик шайлоого катыштырбай коюшу мүмкүн деп партиянын төрагасы Анвар Артыков да «Апрелге» курган маегинде билдирген. Мындан тышкары, ал партия шайлоого катышуу үчүн бардык күчүн жумшаарын кошумчалаган.

Артыков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сеид менен Кадыр башкарып аткан Кыргызстандын Социал-Демократтары (КСД) партиясы бар экенин айтты.

*Атамбаевдин тарапкерлери бар КСДПны депутат Асел Кодуранова жетектеген, ал эми орун басары Кундуз Жолдубаева болгон, ошондой эле саясий кеңешке саясатчы Адил Турдукулов мүчөлүк кылган. Атамбаевдин уулдары алар менен тиреше кетип, КСД партиясын түзүшкөн. Бул партияга алардын атасынын жогоруда аталган үч жакын тарапкери киргизилген эмес.

КСДнын программасы жана идеологиясы КСДП партиясыныкына окшош, эгер КСДП шайлоого катыша албай калса, Атамбаевдин уулдарынын партиясы шайлоого катышуу үчүн КСДПнын бардык мүчөлөрүн кошуп алат.

«Бизди бул партияга кошулууга түрткөн күчтөр болду, биз КСДПда калуудабыз, бирок Социал-Демократтардын партиясы биздин болгон тизмени парламенттик шайлоого кошууга даяр», - деди Артыков.

КСДПдагы чоң өзгөрүүлөр

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы фейсбук барагында билдирүү жарыялаган. Ага ылайык, 26-майда КСДПнын саясий кеңешинин отуруму болуп өтүп, анда «партиянын ичиндеги кырдаал» боюнча маселе чечилген.

Жыйындын аягында КСДПга төрайымдык кылган Асел Кодуранова ыйгарым укуктарын тапшырып, аны Анвар Артыковго өткөрүп берген.

Рыскелди Момбеков менен Кундуз Жолдубаева да партиянын жетекчи орун басарлык кызматтарын тапшырып, саясий кеңешке мүчөлүгүн токтушкан, бирок Назгүл Мамытова сыяктуу эле КСДПнын мүчөлөрү бойдон калышууда.

Партиядан жана саясий кеңештен Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев жана Кундуз Ажыбекова чыгышкан.

Кыязы, Карамушкина КСДга — Кыргызстандын социал-демократтарына кошулат. Ал буга чейин Сеид менен Кадыр Атамбаев бул партияны шайлоого катышуу үчүн түзгөнүн, ал партияда Турдукуловго, Кодурановага жана Жолдубаевага да орун бар деп билдирген.

Партия өзү мындай өзгөрүүлөргө «партиянын жетекчилеринин бир бөлүгү Кой-Таш окуясы боюнча сот иштерине тартылганы» себеп деп айтууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Атамбаев КСДПнын мүчөлөрүн «уруш-керишти унутуп», парламенттик шайлоого даярданууга чакырды

Карамушкина менен Момбеков атамбаевчил КСДПдан чыгып кетишти