Таласта COVID-19га чалдыккандардын саны үч адамга жетти, алар менен 100гө чукул адам байланышкан

Талас облусунда дагы эки адамда коронавирус аныкталды — экөө тең бул аймактагы инфекция жугузуп алган биринчи адам менен байланышта болгон. Ушуну менен Таласта коронавируска чалдыккандардын саны үч адамга жетти — медик, анын күйөөсү жана алардын кошунасы.

Бирок жуктургандардын саны бир топ өсүп кетиши мүмкүн, себеп дегенде алардын бирөөсү 98 адам менен байланышкан.

«Азыр байланышта болгондордун бардыгын текшерип жатабыз — алар көп. Бул санитардык эрежелерди сактабоонун жыйынтыгы», — деп эсептейт Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Талас облусунда COVID-19 жуктуруунун учурлары 10-июнга чейин аныкталбай келген, ал эми башка аймактарда коронавируска чалдыккандардын саны ондогон адамдарга жеткен.

Нурболот Үсөнбаев вирус облуска ички миграциянын айынан кирген деп эсептейт.

«Талас облусунда жуктургандарды жарандар жумушка чыгып, облустун сыртына чыга баштагандыктан аныктай башташты. COVID-19 регионго ички миграциянын айынан жетти деп айтса болот», — деди ал.

Өлкө боюнча COVID-19га чалдыккандардын саны 2129 адамга жетти. Алардын ичинен 1630 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган, 473 адам дарыланууда, экөө реанимацияда, ал эми 26 адам оорудан каза болгон.

Инфекциядан улам каза болгондордун саны июнь айында кыйла өстү, көп убакыт бою бул сан 20нын тегерегинде кармалып келген.