Жалал-Абадда бир жаштагы кызын сабаган аялга карата милиция иликтөө баштады

Жалал-Абадда аял телефондон күйөөсү менен урушуп кеткендиктен бир жаштагы кызын сабады. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, аял кызын сабап жатканын видеого тартып, Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүнө жиберген.

*Этикалык ой чабытка карап, видеону сайтка чыгарбоону туура көрдүк.

«Атаң сени багыш үчүн мага акча салбай жатат, сенин айыңан тилемчилик кыла баштадым», — дейт видеодо ымыркайдын апасы.

Милиция бул фактты «Кыйноо» беренеси боюнча КЖБРге каттады. Иликтөө иши алдын ала өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы беш жылда балдарга карата жасалган зомбулуктун саны өскөн. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 187ге жеткен. Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзгөн. Бул биздин өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди түшүндүрөт.

Эмнеге балдар өз жакын адамдары тарабынан зомбулукка кабылып жатышат? Мунун негизги себеби — балдарды тарбиялоодогу туура эмес ыкмаларды колдонуу жана коомдун кайдыгерлиги. ЮНИСЕФдин маалыматы боюнча ата-энелердин жана асыроочулардын 70% балдарына кыйкырса, ал эми 48% уруп же сабашат, кээ бир учурларда бул узакка созулат.

Психологдордун айтымында, балдардын зомбулукка кабылышы — чоң трагедия. Анткени жашында кордук көргөн баладан кийин мээрим күтүүгө болбойт. Ал өзү кабылган зомбулук мамилени кийин ошол эле ата-энесине же балдарына жасашы толук ыктымал.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт