Адвокаттар менен укук коргоочулар Даниэль Ажиев кыйноого алынып атканын айтышты

Жарандык көзөмөл комитети ТИЗО-1дин бир кишилик камерасында отурган Даниэль Ажиевди үй камагына которуу өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Комитеттин мүчөлөрү Ажиев башка айыпталуучулар тарабынан кыйноолорго жана коркутууларга кабылып жатканын билдиришти.

«Биз бардык бийлик бутактарына ТИЗО-1де адамдын өмүрүнө атайын коркунуч жаратып атышканына көңүл бургула деп кайрылып жатабыз. Биз силерден Даниэль Ажиевдин өмүрүн сактап, аны үй камагына чыгарууну суранып жатабыз», — деп айтылат Комитеттин кайрылуусунда.

Комитеттин мүчөлөрү Биринчи май райондук соту анын камакта болуу мөөнөтүн узартканына нааразы болуп жатышат.

«Коомчулук Ажиевдин жазасынын катаалдыгына жана ченемсиздигине таң калууда. Биринчи май райсотунун судьясы камерадагы кыйноолор жана сабоолор тууралуу билдирүүлөргө карабастан, анын камакта кармоо мөөнөтүн дагы эки айга узарткан», — деп айтылат кайрылууда.

ЖАМК кыйноо тууралуу билдирүү чындыкка дал келбесин, ал эми маморган өзү «кыйноодон пайда таппасын» айтууда.

«Ажиев күндүр-түндүр жалгыз отура турган камерада байкоодо. Жанында эч ким жок. Кыйноо тууралуу билдирүүлөр чындыкка коошпойт. Анын адвокаттары судья баш коргоо чарасын алмаштырып бериши үчүн соттон аракет көрүүлөрү керек», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Ажиевди камакта кармоо шарттары начар болуп аткандыгы тууралуу тема бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок ЖАМК улам-улам Ажиевдин кыйноого алынып, жаракаттары бар экенин четке кагып келет. Ажиевдин адвокаттары аны камерада чогуу отургандары сабап атканын, ал өз жанын кыюуга даяр экенин, ал эми Кыйноого каршы улуттук борбор ага карата коркутуу болгонун ырастады.

«Даниэль Ажиев катуу коркуп, басыңкы абалда. Ал эгер жалпы камерага которула турган болсо өзүн-өзү өлтүрөөрүн айтты. Ага системалык түрдө атайын контингенттен коркутуулар түшүп жатат. Ажиевдин билдирүүсү атайын прокуратурага жиберилди», — деп билдиришти Улуттук борбордон.

Ажиев эмне боюнча айыпталууда?

Марттын аягында бизнесмен Даниэль Ажиев адамдарга жардам берүү үчүн 7 млн сом бөлгөнүн айтып чыккан. Анда соцтармактардын көптөгөн колдонуучулары анын акчаларын «ыплас» деп, бизнесменди сынга алышкан. Ажиев буга жооп катары видео жаздырып, ал жерден порнобизнес иштеткенди жана вебкам-студияларды уюштурганды улантып атканын билдирген.

«Кыргыз эли, силер “конченный далбоёбсуңар”, бүт алты миллиондун баары! Адамга жардам бериш үчүн мен сөзсүз түрдө халал боюнча иштешим керекпи? [...] Силер жолу жок кишисиңер, силер айына 15 миң сом үчүн иштеп, ушундай акылдуу комментарийлерди жазасыңар. Эгер акылдуу болсоңор, анда эмне үчүн алты сандуу эмессиңер?!» — деп айткан Ажиев.

Эки күн өткөндөн кийин ИИМ ал «Интернет тармагы аркылуу расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси боюнча кармалганын кабарлаган.

Ведомстводон билдиришкендей, Даниэль Ажиев видеокайрылуу жаздырып жаткан учурда марихуананын таасиринде болгон.

Кийинчерээк Биринчи май райондук соту тергөө бүткөнгөн чейин Ажиевди ТИЗО-1де калтыруу чечимин чыгарган.

Бирок коомдо Ажиевдин кармалганын анын шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековго даректеп айткан сөздөрү менен байланыштырышууда. Токобеков — парламенттин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Ал эми Абжалиев өзү — президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Ажиев видеокайрылуусунда Токобековду ири суммада алган карызын кайтарбай жүргөнүнө айыптап, шаардык кеңешке шайлоо учурунда элдин добушун сатып алып жатканына күбө болгонун кошумчалаган.

«30 бала 1000 сомдон беришкени эсимде, силер 570 [Лексустары менен] кантип пачка-пачкалап 1000 сомдон таркатканыңар эсимде. Менин эсимде, мен жаныңарда жүргөм, силер ар бир адамга канчадан, кантип таркатып, эмне сатып алганыңарды көргөм», — деген ал.

Мындан тышкары, Ажиев Токобеков кабылган жол кырсыгын да эскерген. Ал окуяда төрт адам ажал тапкан. Ажиев жол кырсыгына Токобеков күнөөлүү деп айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Даниэль Ажиев деген ким, ал эмне боюнча айыпталууда?