Ош облусунда COVID-19га чалдыккан бейтап каза тапты. Өлкөдө алардын саны 27 адамга жетти

Материал жаңыртылып турат.

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19у бар бейтаптын каза болгонун кабарлады. Бейтап 52 жашта болгон, ал башка оорулар менен да ооруган, анын полиоргандык жетишсиздиги өөрчүп кеткен.

Маркум Оштун клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан.

«Бейтапта эки тараптуу пневмония болгон, өз алдынча дарылануудан кийин кайрылган», — деп кабарлады Саламатык сактоо министрлиги.

Ушуну менен COVID-19га чалдыгып каза тапкан бейтаптардын саны 27 адамга жетти, алардын арасында эки медик бар. Каза тапкандардын жаш курактары ар башкача — 37 жаштан 80 жаштан жогору, бирок алардын бардыгында өнөкөт оорулары болгон.