Сутка ичинде коронавирус 41 адамдан чыкты. Жалпы учурлардын саны — 2 207

Саламаттык сактоо министрлиги сутка ичинде коронавирус 41 адамда табылганын кабарлады.

«Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 41 учуру катталды. Алардын 9у четтен келген жарандардан табылса, 14ү оорулуу менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 18 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек», — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Жаңы жуктуруу учурларынын 18и Бишкекте, Чүй облусу менен Ош шаарында алтыдан, Нарын жана Жалал-Абад облустарында үчтөн, Ош жана Ысык-Көл облустарында экиден, ал эми Баткен облусунда бир учур аныкталды.

Коронавируска чалдыккандардын арасында медкызматкерлер да бар, алардын экөөсү Нарын облусунда, экөөсү Чүй облусунда катталган.

Ошол эле учурда 18 медик айыккан. Алар акыркы сутка ичинде айыгып, ооруканалардан чыгарылган 54 адамдын катарына кирет.

Оорудан айыккандардын 27си Бишкекте, 20 адам Нарын облусунда, Чүй облусу менен Ош шаарында үчтөн жана бирөө Ош облусунда катталган.

Өлкө боюнча жуктуруулардын жалпы саны — 2 207 адамды түздү, алардын ичинен айыккандардын саны 1 722 адамга жетти, 457 бейтап ооруканада, каза тапкандардын саны — 27.