Москвадан Бишкекке 437 адам кайтып келди

Кыргызстандыктарды алып келген каттам Бишкекке 14-июнда конду. Москвадан 437 адам келди.

«Каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана эки жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар тандалып алынган», — деп билдирди республикалык штаб.

Кайтып келгендер обсервацияга жөнөтүлөт, андан соң коронавируска карата тесттери терс чыккандан кийин үй карантинине кетишет.

Мурдараак Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекенине кайтып келүү үчүн кезекте 6000ден ашуун адам турганын жана дипломаттар Кыргызстанга каттамдарды уюштуруунун үстүндө иштеп жатышканын билдирген.