Чубак Жалилов: Эрди-катын урушуп жатат, кийлигишпейин деп басып кетүү – акмакчылык

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов «Марал» радиосуна үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу пикирин билдирди. Анда ал 8-июнда Сузакта күйөөсү тарабынан кордолгон аялдын окуясы сыяктуу учурлардын ачыкка чыкпагандары көп экенин айткан.

«Мындай окуя көп жерде, керек болсо күн сайын болуп, адамдын өмүрүн алган учурлар болуп жатат. [...] Бул бир адамды уруу эмес, бул биздин баарыбызды ургандык, тебелегендик. Ошондуктан коом тирүү болушубуз керек. Эрди-катын урушуп жатат, кийлигишпейин деп басып кетүү акмакчылык, келесоолук», – деген ал.

Ошондой эле ал, эгер үй-бүлөдө келишпестиктер болуп, жашоого мүмкүн болбой жатса, анда мындай зомбулуксуз эле эки ажырым жолго түшкөн оң дейт.

«Аялы кеч калган үчүн уруптур деп жатышат. Эгерде жашоого болбой турган болсо, андан көрө жашоону токтотуп коюш керек. Ойноштук кылып кетсе, башка боло турган болуп, кечирүү кыйын болуп аткан болсо – анда уруштун кереги жок. Адамды кордоо жакшы эмес», – деп билдирген мурдагы муфтий.

Чубак ажы бул сыяктуу окуяларга көңүл буруу зарыл экендигин, ошондо гана мындай зомбулуктарды токтототууга болоорун кошумчалаган.

Буга чейин 12-июнда соцтармактарда аялынын колун артына байлап, моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, үстүнө чакалап суу чачып, бетке муштагылап кордоп жаткан кишинин видеосу тараган.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБинен окуя 8-июнда Сузак районунун Бек-Абад айылында болгонун, ал эми аялын сабаган 51 жаштагы киши 15 суткага камалганын билдиришкен Милиция аялын кордогон кишиге карата «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен сотко чейин өндүрүштү баштады.