Кыргызстанда коронавирус дагы 22 медкызматкерден табылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 15-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 22 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады. Бишкек шаарынан он эки, Ош облусунан эки, Чүй облусунан үч жана Ош шаарынан беш медиктен өпкө илдети аныкталды.

Ошол эле маалда буга чейин оору жуктургандардын арасынан он үч медкызматкердин коронавируска кайрадан тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтүп, үйүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 460ка жетти. Алардын арасынан эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду, ал эми 354 медик айыкты.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирус 2372 адамда табылды. Алардын ичинен 27си каза болуп, 1813 адам илдеттен айыкты.