Базар-Коргондо эки адамдан коронавирус аныкталып, беш айыл карантинге жабылды

Базар-Коргондо карантинге алынган айылдарды залалсыздандыруу учуру. Сүрөт: Руслан Калматов

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун беш айылы 14-июнда карантинге жабылды. Аталган райондун Кызыл-Үңкүр айылынын эки тургунунан коронавирус аныкталып, төрт үй-бүлө мүчөлөрү үй шартындагы обочого алынган.

Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев «Азаттыкка» билдиргендей, карантинге алынган Кызыл-Үңкүр айыл аймагына караштуу Кичи Ак-Булак, Ак-Булак, Катар-Жаңгак, Көсө-Терек жана Алтын-Кыя айылдарынын кире беришине санитардык пост орнотулду.

«Кызыл-Үңкүрдүн тургуну Ошко туугандарына барганда коронавирусту жуктуруп алган. Андан небересине жуккан. Ал эми жакын байланышта болгон кишилерден алынган биринчи жолку анализдерден коронавирус аныкталган жок», — деп билдирген Козуев.

16-июнга карата өлкөдө COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 2472ге жетти. Анын ичинен 28 адам каза болуп, 1847 киши айыкты.

Ал эми Жалал-Абад облусунда коронавирус 186 адамда аныкталган. Анын ичинен 163 адам айыгып, бир киши көз жумду.