Чүйдө жаш балдар такси айдоочусун бакка байлап тоноп кетишти — ИИМ

ИИМдин басма сөз кызматы июнь айынын башында милиция Чүй облусунун Аламүдүн районунда таксинин айдоочусуна кол салууга шектелген алты адамды кармаганын билдирди.

Укук коргоо орган кызматкерлери шектүүлөр кылмыш жасоодо ролдорду бөлүштүрүп, алдын ала сүйлөшүп алып иш-аракет кылышканын аныкташкан.

30-майга караган түнү бир нече бала Бишкекте таксиге отуруп, айдоочуну Аламүдүн районундагы айылга жеткирип барууну суранышкан. Алар Баш-Кара-Суу айылынын чет жакасынан таксистти тапанча менен коркутуп, айдоочунун болгон акчасын жана телефонун тартып алышкан.

«Кол салгандар айдоочуну бакка байлап, “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү машинасын айдап качышкан. Жабырлануучу эртең менен гана бошоно алган — аны жакын жерден өтүп бараткан адам байкап калган», — деп жазат ведомствонун басма сөз кызматы.

Автоунаа кийинчерээк Токмок шаарынын аймагындагы гараждан табылган. Ал милиция кызматкерлери тарабынан буюм далил катары алынган. ИИМдин маалыматына ылайык, шектүүлөр машинаны чачып, тетик катары сатууну көздөшкөн. Алар колго түшөөр алдына унаанын дөңгөлөктөрүн сатып жиберүүгө үлгүрүшкөн.

«Карактоо» беренеси боюнча каттоого алынган кылмышка тиешеси бар деген шек менен криминалдык милициянын ыкчам тобу алты адамды кармап, убактылуу кармоо изоляторуна киргизди. Милициянын маалыматына ылайык, «кармалган кылмыштуу топтун ар бир катышуучусу кылмыш жасоодо өздөрү аныктап алган ролдорду аткарышкан».

Тергөөчүлөр шектүүлөрдүн кээ бири таксистке кол салып, унааны айдап качкан болсо, экинчилери аны тосуп алып гаражга катышканын аныкташкан.

Милиция сотко чейинки иликтөөнү улантып, кылмыштын башка катышуучуларын кармоо боюнча чараларды көрүп жатат.