Коронавирус дагы 100 адамда аныкталды — анын жарымынан көбү Бишкекте катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 16-июнга карата коронавирус дагы 100 адамдан табылганын маалымдашты — алардын 14тү медкызматкер.

Жаңы катталган учурларынын жарымынан көбү Бишкек шаарында катталды — 57. Чүй облусунда жана Ош шаарында он бирден бейтапта COVID-19 аныкталды. Ошондой эле Нарын облусунда тогуз, Ош облусунда алты, Талас облусунда үч, Ысык-Көл облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда бир адам илдетке чалдыкты.

Жаңы катталган учурлардын тогузу чет өлкөлөрдөн келген жарандардан табылган. Дагы 53 учур обсервацияда жаткан бейтаптардан аныкталган, ал эми 38 жаңы учурдун булагы белгисиз болууда.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 2472ге жетти — анын 474си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1847 адам айыгып, жыйырма сегиз бейтап каза болду.

Коронавируска чалдыккандар Бишкекте эң көп, борбор калаада 783 адамдан COVID-19 аныкталды. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 416 учур. Ош шаарында — 280, Ош облусунда — 261, Чүй облусунда — 226, Жалал-Абад облусунда — 186, Баткен облусунда — 36, Ысык-Көл облусунда — 33 жана Талас облусунда он бир адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталды. Алар Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы ооруканаларга жайгаштырылган.

Учурда ооруканаларда 597 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 32 бейтап оор абалда, алты жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 1671 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 10 446ны түздү. Акыркы сутка ичинде 3624 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.