Президент Жээнбеков Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду.

Абылгазиевдин отставкасы менен кошо министрлер кабинети да отставкага кетти деп эсептелет. Бирок парламент өкмөттүн жаңы курамын түзүп, аны жактырмайын бардык эле ведомстволордун башчылары милдетин аткарып турушат.

Ал ортодо «Азаттык» басылмасы маалымдагандай, парламенттик көпчүлүк коалициясы өкмөт башчысынын кызматына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду сунуштап жатат. Боронов учурда премьер-министрдин милдетин аткарууда.

Мурдараак депутат Дастан Бекешев өкмөт башчылыкка Бороновдун талапкерлиги ылайыктуу экенин кабарлаган болчу.

Көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, «Республика – Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары 16-июнда жыйынга чогулат.

Абылгазиевдин отставка тууралуу арызы

Өкмөт башчысы 15-июнда отставкага кетүү тууралуу арызын жазган. Абылгазиев өз билдирүүсүндө отставкага кетүү себебин радио жыштыктарды сатуу чуусуна байланыштуу деп билдирген. Бирок ал бул иштерге тиешеси жоктугун айтып келет.

«Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем», — деп билдирген Абылгазиев.

Радиожыштыктар чыры

Депутат Жанар Акаев премьер-министр Абылгазиевдин радио жыштыктардын «арзыбаган баага» сытылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп билдирген. Ал Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылганын, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын тушунда 200 МГц жыштык 700 сомго сатылууда деп айткан.

Абылгазиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, депутат Жанар Акаев «жалган маалымат» таратууда деп билдирген. Бирок өкмөт башчысы бул айыптоолордун шартында кыска мөөнөттү эмгек өргүүсүнө кеткен. Ал өргүүсүнүн себебин «тергөө органдарына басым кылды» деп эч ким шектенбесин деген максат менен түшүндүргөн.

Депутат Рыскелди Момбеков эки жыл мурун болгон иш боюнча башка аткаминерди — президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурбек Мамбетакуновду күнөөлөйт. Момбековдун айтымында, бул иштин айынан бюджетке 1,5 млрд сом түшпөй калган.

Абылгазиев 2019-жылдын май айында КТ« Мобайл» компаниясына байланыштуу чуунун айынан аз жерден кызматынан ажырап кала жаздаган. Ошондо Абылгазиев компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев менен туугандык байланышы бар экени аныкталган.

Эске салсак, Абылгазиев өкмөт башчылыкка 2018-жылдын 20-апрелинде киришкен. Ал башка премьерлерге караганда бул кызматта узак мөөнөт иштеди. Депутаттар Абылгазиевдин талапкерлигин мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөө вотумунан кийин дароо эле жактырышкан. Исаков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү болгон жана ал Атамбаев менен учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында отставкага кетирилген.