Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелген адам кармалды

Чүй ОИИБинен маалымдашкандай, милициянын кызматкерлери Бишкекте 14 жашар кызды зордуктоого шектелген адамды кармашты.

ОИИБдин маалыматы боюнча, шектүү адам 2019-жылдын сентябрь айында өспүрүм кызды күч менен машинага салып, аны ошол жактан зордуктаган.

Аталган факт «Зордуктоо» беренеси боюнча КЖБРге катталган. Ведомстводон билдиришкендей, шектүү адам 2019-жылдын декабрынан бери милициядан качып жүргөн.

Шектүү адам 17-июнда кармалып, Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.