Адвокат өспүрүм кызды зордуктоого шектүүнү актаган «судьяны жаманатты кыла башташканы» үчүн нааразы

13 жашар кызды зордуктоого байланыштуу иш боюнча айыпталуучунун адвокаты Кайрат Загибаев айтымында, Биринчи май сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун анын кардарын актаган өкүм чыгарганы үчүн «жаманатты кыла башташты».

«Бизде бардык инстанцияда болгон келжиректи улантуу үчүн Жогорку сотко даярдык, кызылдай эле сотко басым кылуу жүрүп атат, апасы кызын сүйрөп бүттү. Сот териштирди, бирок бул аны каанаттандырбайт», — деп билдирди Загибаев басма сөз жыйында.

Ал бул иш боюнча айыпталып жаткан адамдын күнөөсү жоктугун айтууда.

«Иштин материалдары боюнча жеринде алынган көрсөтмө бар, ал жакта кыз окуя кай жерде болгонун көрсөтүшү керек болчу, бирок ал бир туруп бир ажаткананы, бир туруп башкасын көрсөткөн. Биз күмөндүү арыз түзүлгөн деп эсептейбиз», — деп билдирди Загибаев.

Ошондой эле ал күбөлөрдүн бири да «жабырлануучунун күмөндүү көрсөтмөлөрүн» ырастап бербегенин кошумчалап, шектүүнүн жазага тартылышы үчүн чуркап жаткан жабырлануучунун энесине карата бир нече жолу терс пикирлерди айтты.

Кылмыш иш боюнча териштирүүлөр

Кыздын ата-энесинин маалыматы боюнча, зордуктоо 2016-жылы болгон, бирок бул тууралуу 2018-жылы гана белгилүү болгон. Ата-эне кыздын жүрүм-туруму өзгөргөнүнө байкап калышкан. Ал эми мектептен аларга кыз депрессия болуп аткан болушу мүмкүн деп билдиришкен. Ал чүнчүп, өзүнө жарааттарды келтире баштаган.

Кыздын адвокатынын айтымында, ал ата-энесине балдар лагериндеги жол башчы кызды соода борборунда жолуктуруп калып, аны күчкө салуу менен ажаатканага алып барып, кара күч менен сексуалдык аракеттерди кылганын айтып берген. Ал аны жазалайм деп коркуткандыктан бул тууралуу айтпай жүргөн.

Кыздын ата-энеси бул окуя тууралуу ЖМКлар жазып чыгышканга чейин тергөөчүлөр иш козгоодон баш тартканына даттанышкан. Иликтөө оор өтүп, кыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.

Биринчи май райсоту да, Бишкек шаардык соту да шектүүнү актаган чечимн чыгарып койгон. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашева угуп калып, теманы парламентте көтөргөн. Ал экспертиза балага карата сексуалдык зомбулук белгисин тастыктаганын кабарлаган.

Акыйкатчы Токон Мамытов билдиргендей, 13 жашар кызды зордуктоо тууралуу иш боюнча чечим чыгарган Бишкектеги төрт судьяны жоопкерчиликке тартыш керек. Бул Биринчи май райсотунун судьясы Айбек Эрнис уулуна жана Бишкек шаардык сотунун үч судьясы — Замирбек Алгожоевге, Керезбек Есекеевге жана Жамил Сабитовго тиешелүү.

Шектүүнү жоопкерчиликке тартууну кыргызстандыктар да суранып, Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулуна каршы петиция башташкан. Зордуктоого шектүүнүн адвокаты дал ошол судьяны «жаманатты кылып» атышканына арызданууда.

Акыйкатчы институту Эрнис уулу өспүрүм кызды зордуктоого байланыштуу ишти карап жатканда одоно процессуалдык бузууларды жасады деп эсептейт.

Бишкек шаардык сотунун судьяларынын сынга алынышына алар шектүүнүн күнөөлүүлүгүн далилдеген прокурорлордун көрсөтмөлөрүн, жабыркаган кыздын көрсөтмөлөрүн, шектүүнүн суроолорго берген жоопторунун жалгандыгын аныктаган эксперт-полиграфологдун жана экспертизанын корутундусун эске албай койгондору себеп болгон.

Прокурор соттун чечиминин үстүнөн даттанды — отурум августтун аягында өтөт.