Назарбаев коронавирус жуктуруп алды — Казакстан

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевде коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай өзүнүн Твиттеринде билдирди.

Анын айтымында, Назарбаев учурда обочодо болууда.

Казакстандын бийлиги өлкөдө «эпидемиологиялык абал оор бойдон калып атканын» кабарлоодо. Коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан, казак өкмөтү өлкөнүн айрым райондорунда кошумча чектөөлөрдү киргизип жатат.

18-июнга карата Казакстанда 15 877 коронавирус жуктуруу учуру катталып, 9 902 адам вирустан айыккан. 100 бейтап каза тапкан.

*Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда 18-июнга карата Covid-19 жуктуруунун 2 657 учуру катталган. Айыккандардын саны — 1 933, каза тапкандардыкы — 31 адам.

Биринчи президент

Назарбаев Казакстандын биринчи президенти болгон. Ал өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган. Назарбаев кызматынан 2019-жылы мартта кеткен.

Назарбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин Казакстандан Коопсуздук кеңешин жетектеп калган. Ал бул кызматта өмүрү өткүчө иштей алат, парламент бул тууралуу мыйзамды 2018-жылдын май айында эле кабыл алып койгон.

Коопсуздук кеңеши күч түзүмдөрүнүн, борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын ишин координациялайт жана мыйзам долбоорлорун көзөмөлдөйт. Казакстандын маморгандары Коопсуздук кеңешинин чечимдерин милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.

Ошондой эле Назарбаев парламентте эң көп орун ээлеген «Нур Отан» бийликчил партиясынын башында калат.

Өлкөнүн президенттик кызматына Назарбаевдин сунушу боюнча Касым-Жоомарт Токаев киришкен.