Мас абалдагы адамдын барымтасына алынып бычак жеген аял көз жумду

17-июнда мас абалдагы кишинин барымтасында калып бычак жеген аял ооруканада өзүнө келбей көз жумду. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» Бишкектин травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков тастыктады.

Анын айтымында, аял оор жаракат алгандыгына байланыштуу 18-июнда саат 21:10дө каза тапкан.

Буга чейин аял жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алып турган.

17-июнь күнү кечинде Бишкектин батышындагы Ден-Сяопин көчөсүндө мас абалдагы эркек киши аялды барымтага алып, ага бүч жолу бычак сайган.

Аны милициянын кызматкерлери зыянсыздандырышканы менен бычактан жараат алган аял оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Шектүү кармалгандан кийин Биринчи май РИИБине жеткирилип, аталган факт КЖБРге катталып, экспертиза дайындалган.