Бир суткада дагы үч бейтап каза болду. Коронавирус жалпы 35 кишинин өмүрүн алды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-июндагы брифингде коронавирусту жуктуруп алган дагы үч бейтап каза болгонун кабарлады.

Каза болгон бейтаптардын экөөсү Ош облусунда катталды. 59 жаштагы аял Ош облусттук ооруканасында, 61 жаштагы эркек киши Кара-Суу аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Көз жумган аял тогуз күн бою өз алдынча дарыланууну аракет кылган, бирок анын кесепетинен «эки тараптуу пневмония» пайда болгон.

Кара-Суу аймактык ооруканасында каза болгон бейтап ооруканага 17-июнда кайрылган. Ал мурун жүрөк жана гипертоникалык оорулар менен каттоодо турган. Бейтап «курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздигинен» кайтыш болду.

Ал эми үчүнчү 62 жаштагы маркум Ысык-Көл облусунун Түп аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Ал ооруканага 15 июнда кайрылган, бирок анда коронавирустун белгилери 8-июнда эле чыгып баштаган. Ал «оң жак тараптуу пневмония» жана «курч мүнөздө турган жүрөк кемтигинен» улам каза болду.

Ушуну менен COVID-19ду жуктуруп, каза болгон бейтаптардын саны 35ке жетти. Ал эми 20-июнда коронавирустун жаңы 192 учуру катталып, жалпысынан 2981 кишиге илдет жукту.