COVID-19 илдетин 1981 бейтап жеңди

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-июнда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 20 бейтап коронавирустан айыкты, алардын арасында бир медкызматкер бар.

Илдеттен айыккандардын жарымы Чүй облусунда катталды — 11. Ошондой эле, Нарын облусунда беш, Бишкек шаарында үч жана Ош шаарында бир кишинин коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1981ге жетти — бул жалпы оорулуулардын 66 пайызын түзөт. Айыккандардын арасында 382 медкызматкер дагы бар.

Кыргызстанда 20-июнга карата коронавирустун жаңы 192 учуру катталып, жалпы оору жуккандар 2981ге жетти. Ооруканаларда 498 адам жатат — алардын бешөө жандандыруу бөлүмүнө которулган.